www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин 29-июлда түштөн кийин Ирандын президенти Эбрахим Раиси менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мындай маалыматты NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кытай лидери белгилегендей, учурда бир кылымда болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөрдүн таасири жана кылымдын эпидемиялары бири-бирин кайталап, дүйнө жаңылануу жана трансформация мезгилине кадам таштады. Бардык элдердин өнүгүүгө жана коопсуздукка умтулуусу ого бетер туруктуу, ал эми, алардын эл аралык адилеттүүлүккө чакырыгы ого бетер чечкиндүү болуп калды, деп билдирди Кытайдын төрагасы.
Эл аралык чаташкан жана татаал кырдаалда Кытай менен Иран тилектештикти жана кызматташтыкты чыңдоодо, жалпы кызыкчылыктын чөйрөсүн кеңейтүүдө, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн кеңири чөлкөмүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо Кытай Эл Республикасы Кытай-Иран мамилелерине стратегиялык көз караш менен карайт жана эки өлкөнүн ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тынымсыз илгерилетүү үчүн ирандык тарап менен кызматташууга даяр, деди Кытай лидери.
Си Цзиньпин тараптар эки өлкөнүн түпкү кызыкчылыктарына жана негизги түйшүктөрүнө тиешелүү маселелер боюнча бири-бирин чечкиндүү колдоону улантып, эл аралык мамилелердин негизги нормаларынын бири болгон ички иштерге кийлигишпөө принцибин колдошу керектигин белгиледи. Анын айтымында, Кытай менен Ирандын ар тараптуу кызматташуу планын ишке ашыруу боюнча тыгыз байланышта болуу, негизги тармактарда практикалык кызматташтыкты активдүү өнүктүрүү жана эпидемияга каршы кызматташууну улантуу зарыл. Аймактык жана эл аралык иштерде байланыштарды жана координацияны күчөтүү зарыл, деп кошумчалады КЭРдин төрагасы. Ал белгилегендей, Кытай тарап аймактык коопсуздук маселелерин чечүү үчүн Жакынкы Чыгыштагы мамлекеттердин биригүүсүн жана кызматташтыгын, ошондой эле Жакынкы Чыгыштын элдеринин өнүгүү жолдорун көз карандысыз издөөнү дайыма колдойт.
Кытай мамлекетинин башчысы Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагында жана башка жайларда иран тарап менен байланышты жана кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин билдирди. Кытай Ирандын Глобалдык өнүгүү жана Глобалдык коопсуздук демилгесине жигердүү колдоосун жогору баалайт жана Иран менен бул демилгелерди натыйжалуу ишке ашырууга жана дагы адилеттүү жана акылга сыярлык эл аралык тартипти орнотууга көмөктөшүүгө даяр, деп кошумчалады Кытай лидери.
Иран Кытайдын эл аралык жана аймактык иштердеги маанилүү позитивдүү ролун жогору баалайт, Кытай көтөргөн Глобалдык өнүгүү жана Глобалдык коопсуздук демилгесин колдойт, Кытай тарап менен тыгыз байланышта жана өз ара аракеттенүүнү эл аралык адилеттүүлүктү, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн жалпы кызыкчылыктарын коргоо жана аймактагы жана бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты, коопсуздукту жана өнүгүүнү колдоо масатында улантууга даяр экенин Ирандын президенти Эбрахим Раиси билдирди.
Булак: NazarNews.kg
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги, материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана берилет.