www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунда баңгизатын ташууга шектүү жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 1-февралда ИИМдин басма сөз кызматы.

Жазык кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө (Баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ыкчам маалыматтарга ылайык «Сосновка» постунда «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Жүргүнчүлөрдүн арасында баңги курьери бар деген маалымат Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине келип түшкөн.

Тинтүү учурунда 1 кг 5 грамм гашиш табылган. Тергөөнүн версиясы боюнча, баңгизатын Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын 1974-жылы туулган К.К. аттуу тургуну алып бара жаткан.

Кармалган жаран СИЗО-1ге киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости