www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соттук процессте таяк жеген кыздын апасы бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жасады. Кайрылууда акыркы төрт айдан бери алардын үй-бүлөсүнө коркутуп-үркүтүүлөр, кол салуулар болуп келсе, 24-апрелде Октябрь райондук сотунда өткөн соттук отурумдан тарта түзмө-түз өмүрүнө коркунуч жаралганын билдирди.

«Биз бүгүнкү күнгө чейин унчукпай келдик, бирок кече күнү сегиз айлык боюнда бар кызымды көпчүлүккө салып ур-тепкиге алышты. Азыркы учурда кызыбыз башынан катуу жаракат алып, ымыркайды жоготуп алуу коркунучунда турат. 

Укук коргоо кызматкерлери, приставдар соттук процесстеги тартипти сактай албагандыгы, кызымды коргой албай калгандыгынын себеби өзүн УКМКнын кызматкеримин деген Кубанычбек уулу Эламан деген жигит өзүнүн кызматтык күбөлүгүн көрсөтүп баарын коркутуп койду. Мына ушул окуялар кайрадан кайталанбай, мыйзам чегинде иш алынып барылышын суранабыз», — деп айтылат кайрылууда.

ВИДЕО - https://www.facebook.com/share/v/GStxfoBGtVypoZxS/?mibextid=WC7FNe

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости