www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда 90 пайыз адамдар банктарга карыз”, - деди NazarNews маалымат агенттигине мамлекеттик ишмер, Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов.

-- “90 пайыз элибиз жакыр жашайт. Кыргызстандагы 90 пайыз адам банктарга карыз. Аларга жардам берген эч ким жок. Бизде атайын экономиканы көтөрө турган программа бар. Мурдагы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылганбыз. Ал таанышып көрдүбү билбейм. Эч кандай аны колдонушкан жок. Ошондой эле азыркы президент Садыр Жапаровго дагы берилген, бирок ал деле колдонушпай коюшту. Же түшүнбөй жатышабы белгисиз. Менин айтаарым мыкты экономисттерди алып, өлкөнү көтөрүү керек. Кыргызстанга келген инвесторлор коопсуздугунан коркуп чыгып кетишет. Биз билгенден Өзбекстанга инвесторлор көп келет экен. Ошондой эле Казакстанга көп келишүүдө. Биз дагы алардын коопсуздугун камсыздап, жакшы шарт түзсөк жакшы натыйжалар болмок”, - дейт саясатчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости