www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир айга үйлөнүп, кыздын үйүн тартып алып, учурда сотордун акыйкатсыздыгынан жабыр тартууда. Бул тууралуу “NazarNews” маалымат агенттигине журналист Кубатбек Осмонов билдирди. Ошондой эле, журналист Кубатбек Осмонов Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына кайрылуу жасады.

--“Урматтуу Токтокүчүк Мамытов, сизге кайрылуумдун себеби төмөндөгүчө: 2017-жылы март айында Балыкчы шаарынын тургундары Райкүл Усенова жана анын күйөө баласы Камчы, бир уул, бир кызы бар Э. Кнын колун сурап келишет. Жыйынтыгында 2017-жылы 23-апрелде үйлөнүшөт. "Паспорту жоголуп кеткен" - деп Райкүл жана Марс уулу Алмаз ЗАГСга туруудан качышат.

Бир аз убакыт өткөндөн кийин Марс уулу Алмаз ишенимге кирип, Э.Кны алдап: "Өзүбүзчө оокат кылалы, эч кимге айтпа" деп Бишкек шаарынын, Арча-Бешик конушундагы Ойсул -Ата көчөсүндө жайгашкан номер 85- үйүн күрөөгө койдуртат. Кийин белгилүү болгондой уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Кубанычбек Исабековдун уулу Исабеков Нурлан Кубанычбекович Алмаз экөө келип, Э.Кны алдап кол койдуртуп адегенде беш миң, анан он миң, анан отуз миң америка долларын Алмаз менен Нурлан экөө алышат. Үйдү уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү "РСК Банкынын"' адиси Р. Амангелдиевге, андан соң экс депутат Мамбетов Джамаке Джанышовичтин аялы Бостонова Айнагүл, андан ары Бостонованын шериги Акматова Гулжандын уулу Орозобеков Эльдарга каттатышат.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү Жеңишбек уулу Бекболот жана Ленин районунун С.Жумадылов төрагалык кылган Марс уулу Алмазга козголгон кылмыш иштери боюнча сот отурумунда айыпкер алгачкы көрсөтмөлөрдө Э.Кны алдаганын, анын үйүн күрөөгө коюп, Нурлан менен биргеликте отуз беш миң АКШ доллар алып, Э.Кга эч бирин бербегенин мойнуна алган. С.Жумадылов жетекчилик кылган экинчи сот отурумунда Марс уулу Алмаздын жездеси, кийин белгилүү болгондой Балыкчыдагы ОПГ каймана аты "Сапанын" иниси Камчы менен Алмазды калп айтууга, кылмышынан баш тартууга үндөгөндө, сот залдан кууп чыккан.

Марс уулу Алмаз бул кылмыш ишине чейин да Чолпон-Аталык Д. Христолюбованын 844 60О "Хонда "диссей" автомагинасын Каракол шаарындагы "Гарант" ломбардына коюп ири суммадагы акча алган. Ошондой эле М. Маткеримованын ишеничине кирип 659миң 500 сом акчасын алдоо жолу менен алып изин жашырган. Кармалып соттолоордо атасы доочуларга жана сотторго алтымыш миң АКШ доллар төлөп түрмөдөн чыгарганын өзү айтып берди.

Марс уулу Алмазга 16.04.2019 ж. КЖКсынын 204 статьясынын 3-бөлүм боюнча жети жылга жана 204 статьясынын 1-бөлүм боюнча К.Днын 01КО486ААО "Тойота Харриер1" автомашинасын дагы алдоо жолу менен Т. Базарбековго сатып жибергендиги үчүн эки жылга, жаппысынан тогуз жылга жана 10 миллион 200 жүз миң сом төлөө менен эркинен ажыратылган.

Алмаз колонияга жеткизилбей, уюшкан кылмыштуу топторунун, сатылма сотторунун колдоосу менен СИЗОдо эле чарбалык иштери боюнча кызматкери болгондугу өкүнүчтүү.

Биздин мурунку жактоочубуз Марат Токтоматов "Алмаз 10 миллион 200 жүз миң сомду төлөй албайт, андан ал жоопкерчиликти алып салып, үйүбүздү өзүбүздүн пайдабызга чечип бергиле" - деп кайрылуу жаздыртып кылмышкерлерр тарапка сатылып кеткен. Жогорку сот кылмыш иши боюнча Марс уулу Алмаздан 10 миллион 200 жүз миң сомду телөтүүнү дароо алып салып, "үйүңөрдү граждандык ирээтинде чечип алгыла" деп, багы жокко, дагы жок мамиле жасашкан.

Ленин райондук жарандык сот отурумунун төрайымы А. Темирбекова Марс уулу Алмазды, Исабеков Нурланды жоопкер катары эмес, күбө катары сурашып, мени алдоо жолу менен сатып, сатып-алуу келишимдерин түзүшүп, отуз беш мин АКШ долларларын өздөрү алышканына карабастан уюшкан кылмыш топтордун пайдасына чечип салган.

Жаңы ачылган жагдай менен Жогорку сотко кайрылганыбызда, төрайым Г. У.Калиевага да кайрылуу жолдоп, соттор коллегиясына жагыз бой эне катары орууга байланыштуу жана жаңы адвокат жалдаганы кайрылуума карабастан төрага А.Мухамеджанов, соттор А.Молдакунов жана (ж.б. кылмышкерлерди колдогон сотторду тактап беребиз) менин жана адвокатымын катышуусуз, ошондой эле КЖКнын мызамдарына ылайык Э.Кны Алмаз, Нурлан алдап кол койдуртканда да ал экөөнөн ж.б. уюшкан кылмыштуу топтордун колдорунан эч бир сом албагандыгы, аларга тил кат бербегендиги үчүн жоопко тартылбастыгымды да эске албай уюшкан кылмыштуу топтун пайдасына шашылыш түрдө чечип салышты. Бул отурумга күбө катары, элдик көзөмөл катары, фотожурналист Кубатбек Осмонов катышкам.

Урматтуу Токтокучук Болотбекович, уюшкан кылмыштуу топко ачык эле колдоо, үч балалуу жалгыз бой энеге кордоо көрсөткөн сотторго мыйзам чегинде чара көрүп, алардын акыйкатсыз чечимин жокко чыгарып, ишти төмөнкү инстанцияларга кайра жөнөтүлүп, ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтордун өздөрүнүн баарынын үстүнөн кылмыш иши козголушуна, жоопко тартылышына салым кошоорунузга терең ишенебиз", - деди журналист Кубатбек Осмонов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости