www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын кайгуул кызматкерлери мыйзамсыз курал жүгүрткөн жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 3-декабрда “Инстаграм” социалдык сайттар аркылуу белгисиз жаран белгисиз үлгүдөгү тапанча менен түз эфирге чыгып туура эмес сөздөрдү сүйлөп жаткандыгы тууралуу видео тараган.
Бул маалымат чыгары менен кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, натыйжада мыйзамсыз курал алып жүргөн 1995-жылы туулган О.Н. аттуу жаранды кармашып, Биринчи май райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүшүп беришкен. Тактоо учурунда бул жаран ушул жылдын 1-декабрда болжол менен саат 23:50 чамасында Байтик Баатыр жана Медеров көчөлөрүндө тартылганы белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Биринчи май райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 253-берененин (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Булак: NazarNews.kg