www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пигкассо аттуу сүрөтчү чочко өзү тарткан картиналары менен дүйнөгө белгилүү болду. Анын акыркы эмгеги рекорддук 26,6 миң долларга сатылды.
"Жапайы жана эркин" деп аталган картинаны 13-декабрда, сатыкка коюлгандан бир нече сааттан кийин германиялык Питер Эссер аттуу коллекционер сатып алган. Бул буга чейинки 2005-жылы Конго аттуу шимпанзе койгон рекорддон ашып өттү. Анда шимпанзе жараткан эмгек 18,6 миң долларга сатылган.
Пигкассо мындан беш жыл мурун союудан куткарылып калган. Аны жаныбарлардын укугун коргоо уюмунун мүчөсү Жоан Лефсон багып алган. Ошондон бери чочко сүрөт тартуу менен машыгып, кожойкесинин жетекчилиги астында жүздөгөн сүрөттөрдү жараткан.
Пигкассо акыркы картинасын бир нече жумада тарткан. Ал бүгүнкү күнгө чейин 400дөн ашык эмгектерди жараткан.
Картиналарды сатуудан түшкөн каражат Пигкассо жашаган ферманы тейлөөгө жумшалат.
Булак: NazarNews.kg