www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кошмо Штаттардын башкы эпидемиологу, Аллергия жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун директору Энтони Фаучи коронавирустун "Омикрон" варианты тездик менен жайылып жатканын эскертти. Ал 19-декабрда америкалык NBC телеканалына курган маегинде АКШны оор апталар, балким айлар күтүп турганын айтты.

"Бир жагдай айдан ачык. Бул штаммдын жайылуу мүмкүнчүлүгү адаттан тыш. Дүйнөнү бушайманга салып жатат. Кошмо Штаттарды карасак, айрым региондордо алгач саналуу гана адамдан табылып баштаса, эми бул сан 30-40, кээ бир жерлерде 50 пайызга көтөрүлдү", - деди Фаучи.

Ал коронавирустун бул варианты ушундай темп менен жайыла берсе, ооруканаларда кыйын абал түзүлөрүн, өзгөчө вакцинациянын деңгээли төмөн аймактарды коркунуч тооруп турганын кошумчалады жана элди эмдөөдөн өтүүгө чакырды.

Расмий маалыматка ылайык, АКШда калктын 61 пайызы коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын, ал эми 29 пайызы үчүнчү же кошумча дозасын алды. Учурда Америкада OVID-19га чалдыккандардын 3 пайызынан "Омикрон" штаммы аныкталып жатат.

Ноябрь айында Түштүк Африкада табылган бул штамм дүйнөнүн ондогон мамлекеттерине тарады. Азырынча бул варианттын адам организмине таасири тууралуу маалымат чектелүү. Баштапкы изилдөөлөр ишарат кылгандай, бул варианттын симптомдору COVID-19дун башка штаммдарына салыштырмалуу жеңилирээк болушу мүмкүн. Бирок "Омикрондун" адам өлүмүнө алып келүү ыктымалдыгы канчалык жогору же төмөн экени толук белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости