www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

19-декабрда Самарканд облусунун Акдарыя районундагы «Лазат» ашканасында газ жарылып, 10 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, ашкананын тамак жасоочу бөлмөсүндөгү пропан куюлган эки баллондун бирөө жарылган. Ал маалда ашканада тамактанып жаткан кардарлар болгон.

Жарылуудан он киши жаракат алып, райондук ооруканага жеткирилген. Мындан тышкары тамак жасоочу бөлмөнүн 40 чарчы метрге жакын жеринин шыбы жана эмеректери өрттөнгөн.

Учурда бул факты боюнча болжолдуу тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости