www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикада акыркы суткада коронавирус 51 кишиден аныкталып, тилекке каршы, эки бейтап каза тапты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Ооругандар:

Бишкек — 14;

Ош шаары — 1;

Чүй — 16;

Ош — 3;

Ысык-Көл — 5;

Жалал-Абад — 9;

Баткен — 3.

Пандемиядан бери өлкөдө 184 269 адам илдетке кабылды.

Акыркы суткада көз жумгандар Чүй менен Бишкекте катталды, алар вируска каршы вакцина алган эмес. Ушуну менен коронавирус жуктурган 2 786 адам өмүрү менен кош айтышты.

Өткөн суткада 41 киши ооруну жеңип, сакайгандар 179 352 болду.

Азыр стационарларда 303 бейтап дарыланууда. Анын экөө канааттандырарлык, 140ы орто, 144ү оор жана 17си өтө оор абалда. Ошондой эле амбулатордук дарыланууда 345 бейтап бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости