www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгерде Батыш "кызыл сызыктан" өтүп кетсе, Орусия 100 пайыз күч колдонууга даяр. Мындай пикирин "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин (ЭМА) башкы директору Дмитрий Киселев Би-би-си телерадиокомпаниясына берген маегиндн билдирди. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан жазды.
"Жүз пайыз дээр элем. Себеби Орусия үчүн бул өмүр менен өлүмдүн ортосундагы, эң маанилүү маселе", — деди Киселев "Орусия ал кызыл сызыктарды коргоо үчүн күч колдонууга даярбы?" деген суроого жооп берип жатып.
Бирок баары бир кызыкчылыктарды айкалаштырып жана ракета учуп жете турган аралык — төрт мүнөттүк абалга Орусияны кептебеген оң деген пикирин билдирген.
"Орусия менен жакын жайгашып калып өлкөлөргө жакшы же жаман болду, бирок тарыхый чындык ушундай, эч ким эч жакка көчүп кете албайт. Ошондой эле АКШга жакын жердеги Мексикага жакшы же жаман болгонун айтсак болот. Бирок баары бир кызыкчылыктарды айкалаштырып жана ракета учуп жете турган аралык — төрт мүнөттүк абалга Орусияны кептебеген оң болот", — деген ал.
Анын айтымына караганда, Орусия Батышка кооптуулукту түзбөөнү айтып-деп жатат, болбосо бардыгы радиоактивдүү күлгө айланат.
Киселев аны менен бирге эле Батышты Украина боюнча кырдаалда Кариб кризисин кайталап алуудан алыс болууну эскертти.
Америкалык же британиялык курал Москвага, Орусияга Украинанын аймагынан учуп жеткендей эле, россиялык ракеталар кыска мөөнөттө касташкандардын аймагына түшөрүн айткан.
Жетинчи декабрда РФ менен АКШ лидерлери Владимир Путин менен Жозеф Байден жабык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгы менен Ак үй "Байден маектешип отурганда Украинанын тегерегиндеги абалга тынчсыздангандыгын билдирип, аны дипломатиялык жол менен жөнгө салууга чакырды" деген маалымат тараткан.
Путин америкалык кесиптешин Украинанын Минск макулдашуусун аткарбагандыгын жана келишимдерге саботаж кылгандыгын белгилеген. Андан сырткары, НАТО Украина аймагына жайгашуу боюнча кооптуулукту жаратып, Орусия чектеринде согуштук мүмкүнчүлүгүн арттырып жаткандыгын эске салган. Путин АКШ башчысына "кызыл сызыктар" – НАТОнун чыгышка андан ары жылышы жана Украинага чабуулдук курал-жарактарды жайгаштыруу болорун айткан.
Орусия ТИМи 17-декабрда Орусиянын АКШ жана НАТО менен коопсуздук кепилдиктери боюнча келишиминин долбоорун жарыялады. Документ Вашингтон жана анын союздаштарына берилген. Андагы пунктулардын биринде НАТОнун Украинанын аймагына альянсты жайылтпоо кепилдигин берүүсү айтылган. ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков РИА Новостиге эгерде НАТО менен АКШ Орусиянын коопсуздук кепилдиги боюнча талабына жооп кылбаса, ал тирешүүнүн жаңы жолу жараларын айткан.
Булак: NazarNews.kg