www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Улуттук хирургиялык борбордун» боор оорулары бөлүмүнүн жетекчиси менен маек.

- Боордун түрдүү оорусу күч алды. Көпчүлүгү сиздердин борборго кайрылса керек. Акыркы абал, сыркоолор тууралуу кебиңизди уксак?

- Азыркы учурда аймактардын баарынан боордун түрдүү дартына кабылып кайрылган сыркоолор көп. Статистика боюнча жылдан жылга дартка кабылгандардын саны өсүүдө. Союз мезгилинде ветеринарияга абдан жакшы көңүл бурулчу. Азыр болсо ветеринар дарыгерлер жокко эсе. Ооруган малдар каралбай калды.

Эхинококкоз менен альвеококкоз болуп көрбөгөндөй күч алды. Бул дарттардын ээси ит, мышык, карышкыр, келемиштер. Алар заңы менен дартты айланага таштайт. Ал чаң менен аралашып адамдарга жугат. «Боору бузулуп калыптыр» деп малдын боорун итке ыргытып коюшат. Кайра дарт айланып келип өздөрүнө жугат.

Мурда бир жылда ашып кетсе 30дай адамга операция жасалса, азыркы учурда 300-400дөн ашык адамга операция жасалат. Эң коркунучтуу дагы, оор дагы боордун циррозу абдан өсүп кетти. Бизге бейтаптар оорусу өтүшүп, качан кан кусуп калганда кайрылышат.

- Бул дарт акыркы убактарда эмне себептен күч алууда, эмнеден улам пайда болот?

- Гепатиттин А, В, Д, С жана Е деген түрлөрү көбөйүп кетти. Ошолордун баары билинбей организмде жүрө берет. Анан дарт күчөп, циррозго айланат. Ал убакта баары кеч болуп калат. Дарыгерге убагында кайрылса, ооруну айыктырууга мүмкүнчүлүктөр бар. Көбүнчө өнөкөткө айланган вирусту гепатиттин В, Д жана С түрү пайда кылат. Бул дарт аракечтиктен, тукум куучулуктан, химиялык заттар менен узакка иштөөдөн аба жана тери аркылуу организмге кирет.

Күчтүү дарыларды ылгабай ичүүдөн да боорго күч келет. Учурда бизде жеке менчик клиникалар көбөйдү. Тиш доктурлардан ж.б. жеке менчик клиникалардан гепатиттин түрлөрүн жуктургандардын саны көп кездешүүдө. Мисалы, Ош базарынын айланасында канчалаган жеке менчик клиникалар бар. Кайрылган адамдар дагы көп. Медициналык жабдыктарды туура тазалабай туруп эле экинчисин кабыл ала беришет.

Ошонун айынан дарт жайылып жатат. Цирроздон оңой менен сакайып кетпейт. Дарыгерге эртерээк кайрылып, убагында дарыланса, бул ооруну күчөтпөй кармап турса болот. Күч алып кеткенде операция, боорду алмаштыруудан башка жол жок. Убактылуу дарылайсың, бирок кайра эле дарыланууга туура келет.

- Боордун циррозун дарылоо жолу кандай? Кантип алдын алса болот?

- Кан токтобой калганда айласыз операция жолуна барабыз. Ал деле убактылуу сактайт. Алдын алыш үчүн адамдар өз ден соолугуна кам көрүш керек. Дартка чалдыккан адам салмактанып, оорунун кандайдыр бир белгилери байкалат. Мындай учурда сөз жок дарыгерге кайрылуу зарыл. Боордун цирроз оорусу менен ооругандарга адегенде эле диета кармоо сунушталат. Анткени боор күчтүү заттардан турган тамактарды көтөрө албагандыктан, майлуу, күчтүү тамактар сунушталбайт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости