www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин Ички аскерлеринин командири кармалды

ИИМдин Ички аскерлеринин командири Исламбек Кенжекулов кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.

Кенжекулов кечээ, 20-декабрда Аскер прокуратурасы тарабынан кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, ал 33,9 млн сомду уурдоого катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Буга чейин Башкы прокуратура Ички иштер министрлигинин Ички аскер кызматында коррупциялык схема аныкталганын жарыялаган.

Тактап айтканда, өздүк курамга сатып алына турган тамак-ашка жана кийим-кечеге бөлүнгөн акча каражаттарын жалган фирмалардын эсебине мыйзамсыз түрдө которуу менен 33 млн 946 миң 866 сом бюджеттик каражат уурдалган.

Аскер прокуратурасы тарабынан кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 209-беренеси (Алдамчылык), 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу), 346-беренеси (Кызматтык жасалмачылык) жана 348-беренеси (Шалаакылык) менен кылмыш иштери козголгон.

Ошондой эле бул иш боюнча ИИМдин Ички аскер кызматынын каржы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Талантбек Жоробеков кармалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости