www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңешке төрага талашка түштү

Жогорку Кеңешке төрага талашка түштү

Журналист: АЙНА УЛУГБЕКОВА
21.12.2021, 17:05
205347
|

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев - эгер Жогорку Кеңештин төрагалыгына кайрадан Талант Мамытов келсе, кызматын таштап кете тургандыгын билдирген. Бул тууралуу Сереп Медиа маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып жазып чыкты.

Маалым болгондой, “Президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин пикир келишпестиги туу чокусуна жеткен сыяктанат. Өздүк булагыбыздын айтымында, Камчыбек Ташиев кызматка жабышпайт”, - деп жазды Сереп Медиа.

NazarNews маалымат агенттигине жеткен маалыматтарга таянсак Жогорку Кеңешке Нурлан Шакиев төрага болоору тар чөйрөдө сүйлөшүлүп кечилген. Сүйлөшүүгө чейин Адахан Мадумаров, Улугбек Ормонов жана Талант Мамытовдун талапкерлиги айтылган. 

Айтор, азыр Ак үй тарап төрдө отургусу келген төрага маселесин чече албай, шайлары ооп жаткан мезгил.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями