www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атанын кызы

Алма сабагынан алыс түшпөйт дейт. Кыз бала өзү атага жакын болот бейм. КР эл артисти Токон Эшбаевдин кызы Акмаанай Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балек театрында көп жылдан бери эмгектенип келет. Ырчынын маегине назар салыңыздар.

- Аялзатына чыгармачыл жолду тандоо кыйын дегенге кошуласыӊбы?

- Абдан кыйын. Муну мен турмуш кургандан соӊ толук түшүндүм. Кыз кезинде ырдап-чордоп жүрө бересиӊ, ал эми чыныгы кыйынчылык турмуш кургандан кийин башталат экен. Албетте, кыз бала бболгон соӊ, эртеби-кечтир турмушка чыгасыӊ, балалуу болосуӊ. Үй тиричилигин алып кете алган жубай, балага мээримиӊди төккөн эне, чыгармачылыктын ысыгына күйүп, суугуна тоӊуп эмгектенген талант аталуу бир эле учурда алда-канча түйшүктү жаратары толук мүмкүн. Ата-бабалар турмуш-деген сөз турсаӊ муш жейсиӊ деп бекерден айтып кетпегендир. Баары сен ойлогондой болуп калбайт экен. Жашоодо өйдө-төмөн учурларга туушугасыӊ, эгер жашооӊ жалаӊ гана түз сызыктан куралса дагы кызыгы жоктой болуп калбайбы. Ошонун баарына чыдаган гана аялзаты ырчылык карьерасын сактап калуусу ыктымал. Жолдошум Кубатбек Алымкулов дагы чыгармачыл чөйрөдөн. Жакында эле сөзү Ө. Жалиева, обону Г Айдосовага таандык “Сүйүү келди сүйүнчү” аттуу ырга клип тарттырдык.

- Адамдыкка тарбиялоонун эки жолу бар: бири китеп окуу, экинчиси акылкөй инсанды ээрчип жүрүү. Сенин көз-карашыӊды уксак…

- Китеп-билим булагы деген сөз кичине кезимден эле кулагыма сиӊип калган өӊдөнөт окшобойбу. Союз доорунда элдин бары эле китеп окушкан. Азыркы улуу муундун кишилери, өлкөбүздүн чыгаан инсандары илим-билимге умтулушкан. Алыс барбай эле өз апамды мисалга келтирейинчи. Апам тоого кезүүгө кетсе дагы колунан китеби түшпөчү экен. Мен такыр китеп бетин ачкан эмесмин десем туура болбой калат го, убагында ар кыл жанрдагы китептерге кызыгып, окуп коюп турчумун.

Сиз айткан акылкөй инсанды ээрчип жүрүү дагы жакшы. Ошол инсандын баскан-турганын, сүйлөгөн сөзүн, жасаган жумушун көрүп, ошого карап ийийлип, түздөнүп дейбизби, айтор, улуу инсандан үлгү алып, ошого окшошкуӊ келет. Мен бул дүйнөдө апакемди кумир тутамын. Эгер келечекте апамдай аял болсом, мен дагы апам алып жүргөн кадыр-баркка ээ болуп, эл арасында урмат сыйга татысам керек эле.

- Атактуунун кызы болуш оӊой эместир…

- Раматылык Токон атам көзү тирүүсүндө: «Кызым, талантыӊ го бар, бирок ошол талантты бапестеп багуу керек, ошого аракет жумша» дей берчү. «Ата баркы менен кыз өтөт, соодагер баркы менен бөз өтөт» деген жакшы сөз бар эмеспи. Албетте, ата-энемдин аты менен көп ийгиликке жетиштим. Бирок өзүмдүн деле аракетим күч. Көралбагандар: «Үнү деле жок, атасынын күчү, кадыр-баркы менен эле ырчы болуп жүрөт» деген сындуу ар кандай ушак-айыӊ кептерди чыгара беришчү. Ошол көралбастар кайра мага дем-күч берерин аңдай алышат бекен, мага ошо кызык. Көп деле мани бербейм, болгону аларга ийгилик каалап коёмун

Атам кыргыз элинин тарыхында үлкөн аты жазылып калган КРнын эл артисти Токон Эшбаев. Апам Эшбаева Инават Камбаралиевна КРнын эмгек сиӊирген ишмери. Мен үчүн ушундай зор таланттын кызы аталыш өтө сыймык ошол эле учурда чоӊ жоопкерчилик. Начар сапатым менен атамдын жүзүнө так түшүрүп коюудан корком. Андыктан ата-энеме көбүрөөк алкыш алып бергенге бүт дараметимди жумшап келемин.

- Опера- татаал жанр экени талашсыз. Бул жаатты кандайча тандап калдыӊ?

- Алгач музыкага болгон жөндөмүмдү байкашып пианинодо ойночумун. «Талант ташты да жарып чыгат» деген учкул сөз бар эмеспи. Негедир ырдагым келип, кийинчерээк ырдоо бөлүмүнө которулуп алдым. Музыкалык окуу жайды ийгиликтүү аяктап, өзүӊүздөр билгендей ушул театрдын солисткасы болуп эмгектенип келемин.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости