www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузактык Дильраба кирпич салынган 2 дөңгөлөктү мойнуна илип, колдорун байлап, үстүнө суу чачкан жолдошун кечиргенинин себебин жергиликтүү басылмалардын бирине түшүндүрүп берди.
Дильраба айымдын айтымында, жолдошу ачык сүйлөгөн, жакшы адам. Эл талкуулап жаткандай мыкаачы жаман адам эмес.
«Мен жолдошумду кечирдим. Чогуу түтүн булатып жатканыбызга быйыл 26 жыл болду. Мындай учур биринчи жолу болуп жатат. Үйдө экөөбүз гана жашагандыктан өзү жалгыз калып тажаганбы, айтор ошол күнү бир аз ачууга алдырып, түшүнбөстүк болуп кетти. Буга чейин деле чыр-чатак болуп турчу. Кээде айтышып калчубуз. Бирок катуу токмоктогонго чейин барган эмес. Албетте, ар бир эле үй-бүлөдө түшүнбөстүк болуп турат. Видео интернетке тараганда абдан катуу уялдым.
Күйөөмдүн мындан аркы жашоосун, уулумдун тагдырын ойлодум. Өзүмдүн дагы жашоомду ойлодум. Интернет колдонуучулары билбей, көрбөй туруп ар кандай пикирлерди жазышыптыр. Негизи жолдошум адамга ачык, жайдары мүнөз киши. Дос-жарларынын арасында деле кадыры бар, жогорку билимдүү адам. Мунун баары көз ачып-жумганча эле болуп кетти. Азыр кайын журтум, төркүнүм да бир үй-бүлөнү сактап калуу үчүн колунан келишинче аракеттенип жатышат. Менин да максатым — үй-бүлөбүздү уратпай сактап калуу.
Азыр көчөгө чыксам эле биз жөнүндө сөз болуп жатат. Убакыттын өтүшү менен баары өз ордуна келет деген ишеничтемин. Жолдошум кылган ишине өкүнүп жатыптыр. Мындан ары баары жакшы болот деп ойлойм. Алдыда уулубузду үйлөнтүп, жакшы күндөрдү өткөрөбүз деп ойлойм», - деди жабырлануучу Дильраба.
Шектүүнүн карындашы Турсунай Бабаева кыска мүнөттүк видео үчүн бул үй-бүлөнү катуу талкууга албоого чакырат. Ал да мурда агасы жеңесин токмоктогонун көрбөгөнүн билдирди.
«Акем да, жеңем да экөө тең жогорку билимдүү адамдар. Интернетке тараган видеону көрүп, агамдын колунан ушул иш кантип келди экен деп таң калып жатам. Экөө түтүн булатып жашаганына 26 жыл болду. Ортосунда 1 уул бар. Анын да жогорку билимдүү болушуна шарт жаратып беришти. Негизи биздин үй-бүлөнү тааныгандар агамдын жана жеңемдин кандай экенин билишет. Бирок интернет колдонуучулары 1 мүнөттүк видеону көрүп алып, ар кандай ойлорду жазып жатышат. Мындан ары жалаң жакшылыктар болсун. Эки жактагы кудалар бирин-бири кечирди. Жеңем да агамды кечирди. Негизи болуп өткөн окуядан кийин жалпы кыргыз журтчулугунан кечирим сурайм», - дейт Дильрабанын кайын сиңдиси Түрсүнай Бабаева.
Жолдошу тарабынан мойнуна дөңгөлөк илинип кордолгон аял боюнча окуя Сузак РИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндөгү кодекстин 75-беренеси (үй-бүлөдөгү зомбулук) менен катталып, ал кайра Жазык кодексинин 144-беренесине (уруп-согуп кыйноо) которулуп, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Шектүү — Сузак районунун 1969-жылы туулган тургуну Б.З. 11-июнда Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган.
Кийинчерээк жабырлануучу аял күйөөсүн кечиргенин билдирип, милицияга тосмо арыз жазган.
Булак: NazarNews.kg