www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын бир мандаттуу округу боюнча Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлердин биринин тууганы шайлоочуларга акча бөлүштүрүп жатканда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.
"Талапкердин ишенимдүү адамы болгон С.М.О. Бишкек шаарынын райондук жана үй комитеттеринин айрым төрагаларын мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүүгө, шайлоочуларды акчалай сыйлык алуу үчүн сатып алууга көндүргөндүгү аныкталды", — деп айтылган маалыматта.
Аны тартип коргоо органдарынын кызматкерлери 16-ноябрда кармаган.
"Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын алкагында, соттун санкциясы менен акча бөлүштүрүп жатканда кармалып, добуштарды сатып алуу боюнча фактылар табылган.
Ошол эле учурда С.М.О. жана анын автоунаасын тинтүүдө шайлоочулардын дареги көрсөтүлгөн тизме менен ири суммадагы акча чыккан", — деп билдирди УКМКдан.
Сурактын жыйынтыгы менен кармалган С.М.О. Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
УКМКдан жогорудагы фактыларды аныктоо, документтештирүү, шайлоочуларды сатып алуунун жогорудагы мыйзамсыз схемасына тиешеси бар башкаларды аныктоо үчүн тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.
Эске салсак, буга чейин президент Садыр Жапаров добуш сатуу жана сатып алуу мыйзамга туура келбей турганын айтып, мындай учурда эки тарап тең жоопко тартыларын эскерткен.
Булак: NazarNews.kg