www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан Талас ОИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Д. пара алып жаткан жеринен кармалды.

УКМКнын маалыматы боюнча, камакка алуу Жазык кодексинин 326-беренесинде (Опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыштын негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн.

Тергөөчү С.Б. аттуу жарандан сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 300 миң сомопузалап акча талап кылгандыгы аныкталган. Ал 50 миң сом өлчөмүндөгү акчанын бир бөлүгүн алып жаткан жеринен кармалды.

Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости