www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибан"* кыймылы ооганстандыктарга көк бөрүнү ойногонго уруксат берди, бирок анда мууздалган мал колдонулбашы керек. Бул тууралуу Sputnik Ооганстан Telegram-каналы билдирди.

Талибдер оюнга өлгөн малды колдонуу күнөө болот деп эсептешет. Көк бөрүнү ооганстандыктарга жасалма улак менен ойногонго уруксат берилген. Бийлик мелдеш учурунда көрүүчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоону убадалаган.

Ооганстанда көк бөрү оюнуна талибдер 1996-2001 жылдары тыюу салган.

Быйыл августта Чолпон-Атада өткөн көк бөрү оюнуна жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн командалар чакырылган. Оюнга Ооганстандын көк бөрү боюнча "Кандагар" командасы да катышары айтылып, бирок келген эмес. Өз кезегинде Ооганстан тарап Кыргызстандан тажрыйба алууга кызыкдар экенин билдирген. 

* — Кыргызстанда жана бир катар мамлекеттерде тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости