www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Талибдерге БУУдан орун берилбейт

2-декабрда Душанбедеги жыйынга чогулган мурдагы ооган өкмөтүнүн чиновниктери менен ооган качкындары Ооганстандын БУУдагы ордун "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнө бербөө тууралуу чечимди кубатташты.

Күн мурун БУУнун атайын комитети азырынча Ооганстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясындагы орду өлкөдөгү бийликти басып алып, жаңы өкмөт түзгөн радикал кыймылга берилбеши керек деген чечим кабыл алган.

Ооганстандын Душанбедеги элчиси Мухаммад Захир Агбар БУУ комитетинин бул чечимин тарыхый деп атады. "Талибдердин" кыйроосу дал ушул тарыхый чечимден башталат деп эсептейбиз. Мен дагы бир жолу Ооганстандын саясий өкүлчүлүктөрүндөгү бардык кесиптештерибизге ыраазычылык билдирем. Алардын аркасы менен Ооганстандын үч түстүү желектери мындан ары да түрдүү өлкөлөрдөгү ооган дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө желбиреп турат", - деди Агбар.

Өз кезегинде талибдер Ооганстандын жаңы өкмөтүнө БУУдан орун бербөө тууралуу чечимди адилетсиз деп аташты. "Бул чечим адилеттүүлүк принцибине негизделген эмес, анткени ооган элин мыйзамдуу укуктарынан ажыратууда", — деп билдирди Ооганстандын БУУдагы туруктуу өкүлү кызматына талибдер тарабынан көрсөтүлгөн Сухаил Шахин.

15-августта "Талибан" кыймылынын жоочулары Кабулду ээлеп алгандан кийин Ооганстандын президенти Ашраф Гани Бириккен Араб Эмираттарына качып кеткен. Сентябрдын башында Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн курамы жарыяланган. Анын башчысы болуп 2001-жылдан бери БУУнун санкциялык тизмесинде турган Мохаммад Хасан Ахунд дайындалган.

Бүгүнкү күндө талибдердин бийлигин дүйнөдөгү бир да өлкө тааный элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости