www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзү ичке жол, анын дагы эки чети токтотулган унааларга толгон. Мына ушул жолдо шаардык автобус сыгылып келе жатканын көрүүгө болот бул тасмадан.
Тасманы тартып, интернетке жарыялаган Бишкек шаарынын тургунунун жазганына караганда, жол көйгөйү Үсөнбаев менен Москва көчөлөрүнүн кесилишинде болууда.
Шаар бийлиги ушул маселеге көңүл бурушса жакшы болот эле. Минтип ансыз дагы тар жол жээгине туш келди токтоткон унаа ээлерине эскертүү берилип, аларга башка тоскоол болбогон жактардан шарт түзүлүп, маселеге чекит коюлса.
Ал эми шаар тургуну айткандай автобус, тролейбустардын саны чынында эле качан көбөйөт? Анан алар шаардын чоң жолдору менен жүргүзүлүп, кичи маршруткалар шаар ичиндеги каттамдан качан чыгарылат?..
Эске сала кетсек, ушул жылдын башында калаа башчысы Азиз Суракматов коомдук автобустардын саны өсүп, алар ички каттамды тейлесе, кичиавтобустар шаардын сыркы каттамдарына чыга турганын айткан.
Булак:NazarNews.kg