www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтына Кыргызстандык аскер туткундары тууралуу маалыматтар чыкты.

Орусиянын Коргоо министрлигине тиешелүү “Мемориал” маалыматтардын жалпылоо банкынын сайтына (obd-memorial.mil.ru) кезектеги маалыматтарды жаңылоо жүргүзүлдү. Аскер туткундарынын кошумча жеке карталары киригизилген.

Мунусунда 1941-44-жылдары финн лагерлеринде каза болгон 18 миң 727 жоокердин жеке карталары киргизилген. Жеке карталардын түп нускалары Финляндиянын улуттук архивинде сакталып турат, ал эми карталардын электрондук үлгүлөрү Орусиянын аскердик архивине берилген.

Мындан сырткары, Орусиянын Коргоо министрлигинин сайтында финн согушуна катышып, туткунунда жүрүп каза болгон Кыргызстандан барган аскер туткундарынын да маалыматтары бар.

Мүмкүн, бул маалыматтардан тааныштарыңызды таанып калаттырсыз, жакшылап карап көрүңүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости