www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Ташиев жолугушууда кайсы маселелер чечилгенин айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажик тарап менен болгон сүйлөшүүдө эмне маселелер каралып, чечилегинин айтты.

Сүйлөшүү кыргыз-тажик чек арасындагы "Достук" заставасынын жанында болгон. Анын айтымында, тараптар чек арадагы күч түзүмдөрү өз бөлүктөрүнө кайтарыларын белгилеген.

"Жолугушуунун негизинде бир нече чечимдер кабыл алынды. Биринчиден, кечээки окуяны иликтөө үчүн комиссия түзүүнү чечтик. Ал комиссия чырдын келип чыгуу себептерин карайт. Мындан сырткары, ӨКМге үйлөрүнөн чыгарылган адамдарды кайра кайтаруу тапшырмасы берилди. Алар кечке чейин өз үйлөрүндө болуп калышы керек. Ошондой эле чек арадагы күч түзүмдөрүн өз бөлүктөрүнө кайтаруу чечими кабыл алынды. Бул боюнча чогулуштар өтүп жатат. Чек арада бир гана чек арачылар жана милициянын керектүү кызматкерлери калып, калганы кетет", — деди Ташиев.

Ал тажик тарап жолугушууда сүйлөшүлгөн жыйынтыктарды аткарарына ишенерин белгилдеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости