www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкенттин Чилназар райондук көрктөндүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери айлык акынын кыскартылышы жана кечиктирилип берилиши боюнча нааразылыгын билдиришти.

Соцтармактарда тараган видеодон жумушчулар райондук администрациянын алдында нааразылык акциясына чогулганын көрүүгө болот.

“Буга чейин 300 миң сумдан кармашкан. Аванс жок, майрамдык төлөмдөр жок. Алар биздин эмгекти колдонушту билишет, бирок маяна тууралуу унутуп калышкан. Бизде кийим кече которо турган бөлмө жок. Баары бизди жектеп турушат. Ажатканага киргизишпейт, ашканада бир чыны чай беришпейт”, – деди Чилназар райондук көрктөндүрүү бөлүмүнүн кызматкерлеринин бири.

Кийинчерээк Чилназар районунун акими Шавкат Мавлонов нааразы жумушчулар менен жолугушту. Райондук администрациянын маалымат кызматы кызматкерлердин айлык акысы төлөнүп берилерин кабарлады. Мындан тышкары аким көрктөндүрүү кызматкерлерин транспорт менен камсыздоону, айлык акыны үчүнчү разряд менен эсептөөнү жана сый акы төлөп берүүнү камсыздоону тапшырганы белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости