www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңгиз Бөлтүрүк манасчыларды Гиннес китебине киргенге демөөрчү болгон деген кептер коомчулукта талкуу жаратууда. Бул туурадуу жергиликтүү басылмалар жазууда. «Султан Раев бая күнү келип кетти эле, Азиз менен Рысбайды алып. Ошондон көп өтпөй эле «Аргумент.кж» сайты «Азия Ньюсту» автор кылып, манасчы Дөөлөт Сыдыков менен 2 илимпозду бир жактуу жамандап жазып, коомчулукту таң калтырды эле.

«Азия Ньюс» сайты кеп болуп жаткан макалага тиешеси жок экенин айтса да, аны жарыялап, элге тараткан «Аргумент.кж» сайтына өз реакциясын билдире элек.

Эки басылма тең бүгүнкү күнгө чейин манасчы Дөөлөт Сыдыков менен 2 илимпоздон кечирим сурашкан жок.

Эсиңиздерге салсам, «Манас», манасчылык, Манас таануу - бул өтө сакралдуу (ыйык, касиеттүү) объекттер. Ошондуктан, ал тууралуу «Аргумент.кж» жана «Азия Ньюс» өңдүү «желтая прессалардын» конкреттүү жана атайы компетенцияларга ээ авторсуз жазууга укугу жок.

Бул бүгүн болбосо да, эртеби-кечпи тарых таразасында салмактанчу соттук (анын ичинде, абийир сотуна таандык) иш.

Эми кеп төркүнүнө кайра кайрылсак. Көрсө, Теңиз Бөлтүрүктү спонсор кылып, Түркиянын Бурса шаарында Рысбай жана башка манасчылар 7 күн «Манас» айтып, Гиннеске киргенге аракет кылат экен.

Ошентип, булар түрктөргө Дөөлөттү жамандап, «аны кошпойбуз» деп, мамлекетти, Кумтөрдү спонсор кылып, «Манас» айтуу уюштурат экен.

«Айткандын сөзү жаман» деп, тил жулчу бийлик менден өч алууну дагы күчөтөөр. Баары бир, башта бир өлүм. Чындык менен улуттук баалуулуктар үчүн башымды сайдым. Бирок, сакралдуу баалуулуутарды саясатка айлантып, куйтулук жасоонун аягы жакшы эмес.

«Неужели», Манас баатырды жок кылган Абыке-Көбөш заманы келип, Бакай атанын желкеси тилинип, кулга айланып, ал эми Чыйырды эне менен Каныкей апабыз куугунтукка алындыбы?

Эң башкысы: Дөөлөттүн ак эмгеги тебеленип калабы?», - деп айтылат маалыматта.

 

Последние новости