www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаардык сотунун имаратынан терезеси аркылуу качып кеткен прокурор Союзбек Сарыков иштен алынды. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул тууралуу 17-декабрда маалымдап, Сарыковго байланыштуу кызматтык иликтөөнү Ош облустук прокуратурасы улантып жатканын кабарлады.

Эске салсак, 12-декабрда Венера Касымова аттуу “Фейсбук” колдонуучусу өзүнүн баракчасына “мас абалда сотко катышкандан кийин терезенин тосмосун сындырып качып кетти” делген прокурор жаатындагы тасмаларды жүктөгөн.

Анда ал: «Мына биздеги Ош облусундагы мыйзам өкүлдөрү. Курманкул Зулушев кайда карап отурасыз? Кызматкерлериңиз мас абалында элди соттотуп жүрөт. Видеодогу сот терезеден прокурорду качырган», — деп жазган.

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости