www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМ: Быйыл жарандар 92 бирдик куралды өз ыктыяры менен тапшырышты

2020-жылы жарандар 92 бирдик куралды өз ыктыяры менен ички иштер органдарына тапшырышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, 15-декабрдан баштап Ички иштер министрлиги мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды алуу боюнча ыкчам алдын алуу иш-чараларын жүргүзө баштады.

2020-жылы ички иштер органдары мыйзамсыз жүгүртүүдөн 125 ок атуучу куралды жана (2 бирдик автомат, 2 бирдик тапанча, 35 бирдин ар кандай түрдөгү кесилген курал, 62 бирдик сайлуу ок атуучу курал, 4 бирдик ар кандай ок атуучу куралдар) 28 бирдик ок-дарыларды алган.

"Өз ыктыяры менен тапшыруу боюнча жарандар ички иштер органдарына жигердүү жардамын көрсөтүп жаткандыгын дагы белгилеп кетүү керек. 2020-жылы 92 бирдик сайлуу ок атуучу куралды өз ыктыяры менен тапшырышкан", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, "Курал жөнүндө" мыйзамга ылайык, КР жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жоктор, юридикалык жактар акы төлөө жана бекер негизде табылып алынган же мыйзамсыз сакталган куралдарды жана ок дарыларды өз ыктыярлары менен тапшырса болот.

Өкмөттүн "Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө акы төлөө жана бекер негизде тапшыруунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык, өз ыктыяры менен тапшырган куралга 1 600 сомдон 16 000 сомго чейин куралдын түрүнө жараша кенемте каралган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости