www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

23-августта Беларуссиянын Президенти Александр Лукашенконун Минск шаарынын борборунда автомат менен чыккан учурунда тартылган жаңы видео интернет айдыңында тарады.

Кадрларды ОМОН кызматкерлери шаарды курчоого алган учурунда тартып алышкан. Ошол күнү Беларуссиянын борборунда Лукашенконун кызматтан кетишин жана жаңы жана таза президенттик шайлоону талап кылган дагы бир массалык нааразычылык митинги өткөн. Куралчан Лукашенко, жашы жете элек уулу Николай менен бирге тик учак менен резиденциясына учуп барып, андан соң коопсуздук күчтөрү менен жолуккан.

Жаңы видеодо ОМОН кызматкерлеринин сүйлөшүүлөрү да чагылдырылган. "Президент артта", "Восток келе жатат! Абайла!",- деп радио аркылуу сүйлөшүүлөрүн уксак болот.

Лукашенконун колундагы курал коопсуздук кызматкерлерин абдан таң калтырган. Видеодо : "Автомат менен, *****!", "Коляга да курал бериптир", "Уулун тишине чейин куралдантыптыр: тапанча, пулемет", "Мен аны башында тааныган жокмун" деген күлкүсүн жана эскертүүлөрүн угууга болот.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости