www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Төңкөрүшчүлөр өлкө президентин туткундап алышты

Конде Гвинеяны 2010-жылдан тарта башкарып келет. 2020-жылы кезектеги шайлоодон утуп чыккан. Добуш берүүдөн соң башаламандык башталып, кеминде ондой киши каза тапкан болчу.

Гвинеяда мамлекеттик төңкөрүш жасоого ниеттенген топ өлкө президенти Альфа Кондени туткундап алды. Бул тууралуу Guinee News порталына шилтеме берип РИА Новости жазды.

ЖМКлардын маалыматы боюнча, төңкөрүш жасоого полковник Мамади Думбуянын жетекчилигиндеги атайын даярдыктагы бөлүк аракет кылган.

Ошондой эле бир нече чиновник кармалганы айтылды.

 

Полковник Думбуя буга чейин француз легионунда кызмат өтөгөнү маалым.

Ал эми президент Альфа Конде Гвинеяны 2010-жылдан тарта башкарып келет. 2020-жылы кезектеги шайлоодон утуп чыккан. Добуш берүүдөн соң башаламандык башталып, кеминде ондой киши каза тапкан болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости