www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талибдер Ооганстандагы сойкуларды бутага алды. Алар интим кызмат көрсөткөн аялдарды жазалоо үчүн порносайттарды да карап жатышат. Бул тууралуу «The Sun» басылмасы өз булактарына шилтеме берүү менен билдирди.

«Талибдер сойкуларды аёосуз жазалаганы жатышат: башын алып, таш менен токмоктоп, дарга асып же коомчулуктун көзүнчө мазакташы мүмкүн.

Афганистандык сойкулар тууралуу маалымат айрым порносайттарга жарыяланган. Аны талибдер көрүп калышкан.

Афганистандагы интим кызмат көрсөткөн аялдар жаңы бийликтин тушунда куугунтукка кабылышы күтүлүүдө», - деп айтылат басылманын маалыматында.

«Порносайттардагы видеолордо сойкуканалардын жайгашкан жери көрсөтүлгөн. Ал жактагы аялдарга азыр коркунуч жаралды. Алар уурдалып же мыкаачылык менен өлтүрүлүшү мүмкүн», - деп билдирди басылманын булагы.

Афганистанда интим кызмат көрсөтүү мыйзамсыз. Бирок сойкулардын саны аябай көп. Алар ушундай жол менен үй-бүлөсүн багып келишет.

Белгилей кетчү жагдай, июнь айында укук коргоо уюмдары Кабул шаарында жүздөгөн сойкулар бар экенин эскертишкен.

Эске салсак, 25-августтан баштап талибдер аялдарга үйдөн чыгууга тыюу салган.

Афганистандагы абал

Августтун биринчи декадасында талибдер Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө жасаган чабуулдарын активештире баштаган. Алар ири шаарларга кол салып, 15-августта Кабулга киришкендигин жана президенттик сарайды алгандыгын кабарлашкан.

Афганистандын президенти Ашраф Гани "кандуу булоондун алдын алыш үчүн" өлкөдөн чыгып кеткендигин билдирген. Ал эми 16-августка караган түнү "Талибандын"* саясий кеңсесинин өкүлү Мухаммед Наим Афганистандагы согуш аяктагандыгын жар салган.

Гани өлкөдөн качкандан үч күн өткөн соң Бириккен Араб Эмирлигинен видео кайрылуу жасап, жакынкы күндөрү мекенине кайрылып келерин айткан. Вице-президент Амрулла Салех Баш мыйзам боюнча мамлекеттин башчысы болуп каларын билдирип, талибдерге курал менен каршы чыгууга чакырык жасаган.

Учурда Афганистандан кара жол аркылуу чыккан чек аралардын бардыгын талибдер каратып алган. Бүгүнкү күндө ал АКШ менен НАТО күчтөрү кармап турган бирден-бир аймак.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2006-жылы «Талибан» кыймылы террористтик уюм деген чечим чыгарган. Кыргызстанда анын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости