www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда күйүүчү май дагы 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн. Буга 1-сентябрдан тартып Орусия Кыргызстанга экспорттук төлөмү (пошлина) менен күйүүчү жана майлоочу май ташып келе баштаганы себеп болот.

Бул жаңылыктан улам Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары кайрадан жол кирени жогорулатуу зарылдыгын айтып чыгышты.

"Тетиктердин көбү кымбаттады. Мындан тышкары 3 миң турган май азыр 5 миңден сатылууда. Маршрутканы ижарага алып иштеген кесиптештерим бар. Алар ижарага 1200 сомдон төлөп, үйүнө 300 сом менен кетип жатышат. Айла жок иштеп жүрүшөт. Башка жумуш жок, улгайып калышты", — деди Мелис Курманалиев аттуу айдоочу.

Анын айтымында, ал иштеген 106-каттамдагы кесиптештеринин көбү иштен кетип, азыр 80 машруттук таксинин 35и гана калды.

"Албетте, акча жетпейт! Айла жок, иштеш керек. Башка жумушка кетсекпи деп ойлонуп жатабыз. Болбосо Орусияга же Европага барып, жүк унааларын айдоо керек. Ал жерде айлык жакшы деп айтып жатышат, азыр ушул темада сүйлөшүп жатабыз", — деп кошумчалады ал.

Эске салсак, Бишкектин ичиндеги элдин кыймылын камсыз кылган маршруттук каттамдын айдоочулары быйыл 2-июнда жапырт иш таштаган. Алар жол кирени 10 сомдон 15 сомго көтөрүп берүүнү мэриядан талап кылган. Мэрия бул маселени өз алдынча чече албастыгын, мындай артыкчылык шаардык кеңеште экенин билдирген болчу. Жаңы шайланган шаардык кеңеш бул маселени айдын аягына чейин чечүүнү убадалоодо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости