www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров эки күндөн бери социалдык тармакта тарап кеткен таяк менен машыгып жаткан видеотасмасы тууралуу билдирүү таратты.

"10 же 11 жыл мурда тартылган видео. Мен спортто жүрүп буттарымдан бир канча жолу жарат алганмын. 2 ай буттарым каттуу ооруп, кыймыл азайып салмагым да көтөрүлүп кеткен экен. Мурдагы спецназда иштеген кесиптешим ден-соолугумду сурап, өзү жасаган көнүгүүлөрүн мага жөнөттүп, кайталап көрүшүмдү өтүндү. Мен үчүн буттарымдын толук айыкпай жатканына байланыштуу кайталоо оор болду,үч күндүн ичинде ал жасаган көнүгүүнү аткарууга аракет кылып үйрөндүм. Жарат алган жерлер толук айыкпай жатканына байланыштуу, толук кандуу жасоого мүмкүн болбоду. Ошол видеону ким аркылуу кантип чыкканын билбеймин бүгүн кээ бир мени анча жакшы көрбөгөн адамдар, иш жасабай ойноп жүрөт турбайбы деп интрига жасап чыгарып жатышат. Мен адамдарга жакшы көрүнүү үчүн эмес, Жараткандан ыраазычылык издеген кишимин. Орозонун күндө мага ким кандай көз карашта болбосун, мен аларды күнүгө кечирип, Жараткандан аларга ден-соолук жана ыйман тилеп жатам. Туура элеби?" - деген пикирин социалдык тармагына жазып чыкты. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости