www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун эки айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилгенин ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Түп районуна караштуу Каркыра айыл аймагындагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында түзүлгөн кырдаалды тактоо, адамдардын өмүрүн сактоо жана авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис иш-чараларды өз убагында аткаруу максатында айыл аймагынын башчысынын 3-августундагы №66 буйругунун негизинде аталган айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.
"Бүгүн, 3-августта таң эрте сел суулары каптаган 38 үйдү тазалоого 3 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа сууну тазалоого тартылган.
Мындан сырткары авариялык куткаруу автоунаасы, райондук жол тейлөө ишканасынан 1 жол сүрүүчү грейдер, 1 жүктөгүч, ӨКМден 3 экскаватор жеринде тазалоо жумуштарын аткарып жатышат", - деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары ӨКМдин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын райондорунан 62 аскер кызматкер жана жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматынан 50 адам тазалоо иштерине чыгышкан. Буга кошумча 2 аценизатордук унаа, КДМБдан 80 аскер кызматкери тартылган.
Булак: NazarNews.kg