www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапониянын Коргоо министрлиги бүгүн, 28-сентябрда Түндүк Корея «белгисиз нерсе» менен Түштүк Кореянын деңиз жээктерин аткылаганын жарыялады.

Бул шектүү чабуул Түндүк Кореянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү Ким Сонг Нью-Йорктогу Башкы ассамблеяда «эч ким өзөктүк куралды сынаганы үчүн айыптай албайт» деп айтканынан кийин ишке ашты.

«Биз тек гана улуттук коргонуу тутумубузду бекемдеп, өлкөнүн коопсуздугу менен тынчтыгын камсыз кылууну көздөйбүз», - деген Ким Сонг.

БУУнун Баш катчылыгы Түндүк Кореяга өзөктүк куралдарды сыноо үчүн атууга тыюу салган. Бирок ага карабай бул өлкө быйыл үчүнчү куралды сынап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости