www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош областынын Кара-Суу районунун Кара-Суу шаарында жайгашкан “Кыргыз соода биримдиги” жоопкерчилиги чектелген коому КР Президенти Садыр Жапаровго жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге чукул кайрылуу жасады. 

Аталган коом, КР соттору тарабынан чыгарылган чечимдер менен бекемделип келгенине карабастан КР Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду кайрадан эл сотко кайрылып менчик укугун тааныбай талашып келгендигин айтышууда. 

Аны менен бирге эле, учурда Кара-Суудагы “Тураталы” базарында талаш-тартышты көзөмөл кылып, “Кыргыз соода биримдиги” ЖЧКнын мүлктүк менчик укугуна КР эономика жана коммерция министрлигине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду тарабынан жаратылган талаш-тартыштарды, мыйзамга туура келбеген соттук отурумдарды токтотууга жардам берүүнү суранды.

PS: Жакынкы аралыкта аты аталган базардагы ишкерлердин арыз арманын жана ишкерлер нараазычылык билдирген Нурбек Эргешовдун маегин сунуштайбыз.

Төмөндө Кайрылуунун чоо-жайын толугу менен көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости