www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин аскерлери куралын таштап, командачылыгынын буйругун аткарбай, кол алдындагыларды тагдырына тапшырышы керек, деп билдирди РИА Новостиге Луганск элдик республикасы тарабынан туткунга алынган аскер кызматкерлери.

«Казанга түшүп калдык, өз алдынча кетишти, тагдырдын ырайымына калдык. Суу жок, тамак жок. Аргасыз багындык. Ок-дарыбыз түгөнүп, туткун болуп, багынып бердик. Бизди шылдыңдаган жок, алар бизге суусундук беришти, тамеки сунуштады, алар абдан чыдамдуу мамиле кылышат. Колуңарды таштап, үйүңөргө кеткиле!», - деп билдирди Александр Шапелив.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости