www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономика министрлиги бүгүн Ишкерликти өнүктүрүү кеңеши менен кошо өлкөдө түзүлгөн абал боюнча тегерек стол өткөрдү жана министрдин айтымында, өкмөт азыр өлкөнү терең кризистен сактап калуу максатында колунан келген баардык чараларды көрүп жатат. Ошол себептен азырынча азык-түлүк тартыштыгы жок, бааларды болсо айрым уятсыз адамдар көтөрүп жатат.
Бирок акыркы күндөрү доллар менен салыштырылган сомдун наркы 20 пайыздан ашыкка түшүп кетти, инфляция көптөгөн мамлекетте өсүп баратат, АКШнын өзүндө да проблемалар чыкты. Бишкекте болсо доллар тартыштыгы пайда болду, Банктар бирикмесинини төрагасы Анвар Абдраевдин айтымында, доллар азыр Кыргызстандан агып жок болууда.
Маселе – Кыргызстан өзүнүн тышкы саясатын гана эмес, дээрлик бүткүл экономикасын бир мамлекетке байлап салганында. Ал мамлекет XXI-кылымда Европанын аймагында согуш баштаганда, бүткүл дүйнө аны азыр экономикалык чаралар менен жазалап жатат, Кыргызстан болсо эки дөө ортосундагы чымын болуп калды. Ошондуктан бийлик азыр асмандаган пландарын токтотуп, жөнөкөй жарандарды экономикалык жактан корргоого өтүш керек ко.