www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясы Россиянын Коргоо министрлигине 2 миңден ашуун аскердик техникаларды өткөрүп берди. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.

"2 миңден ашык техника жана курал-жарактар ​​өткөрүлүп берилди. Бардык техника жана курал-жарак Россия Федерациясынын Куралдуу Күчтөрүнүн оңдоо-калыбына келтирүү бөлүмдөрү техникалык тейлөөнү жана максатка ылайык колдонууга даярдоону жүргүзгөн тыл аймактарына жеткирилет", - деп айтылат маалыматта. 

Эскерте кетсек, "Вагнер" жеке менчик аскердик компаниясынын лидери Евгений Пригожин 24-июнда аскердик козголоң баштап, Москвага кеткен. Ошол эле күнү Беларустун башчысы Александр Лукашенко Путиндин макулдугу менен Пригожин менен сүйлөшүүгө киришкенин жана аны Москвага барбоого көндүргөнүн жарыялаган.

Кийинчерээк Дмитрий Песков Пригожинге коюлган бардык айыптар алынып салынганын жана ал Беларуска бара турганын билдирген. Бир нече күндөн кийин, 27-июнда Лукашенко "Вагнердин" жетекчиси Беларуста экенин тастыктаган. Ал эми 6-июлда Беларустун жараны өлкөдө жок экенин, анткени ал Санкт-Петербургга, балким Москвага кеткен болушу мүмкүн экенин айткан.

Ал эми 29-июнда Путин менен Пригожин жолуккан. Аталган маалыматты Путиндин пресс-катчысы Дмитрий Песков тастыктаган. Жолугушууга жалпы 35 киши катышып, ал 3 саатка созулган. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости