www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Австралияда ветеринарлар жылан жутуп алган сүлгүнү анын кекиртегинен кыпчуур менен чубак алып чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Австралиядагы Сидней ветеринардык клиникасында болгон. Анда жергиликтүү үй бүлөнүн үч метрлик Монти аттуу жыланы түгөйлөрдүн жээкке салынып жатчу сүлгүсүн жутуп алган.
Муну байкаган түгөйлөр жаныбарын дароо ооруканага алып барышкан. Дарыгерлер атайын аппарат менен питонду текшерип, сүлгү жыландын курсагына чейин кирип кеткенин аныкташкан. Соңунда ветеринарлар кыпчуур бекитилген эндоскоп менен жыландын оозунан сүлгүнү сууруп чыгышкан.
Бул окуяга таң калган ветеринарлар, мындай учур биринчи жолу катталганын айтышкан. Питондун абалы бир күндө турукташып, эртеси күнү клиникадан чыгарылганы айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg