www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус оорусу 2019-жылы декабрь айында Кытайдын Ухань шаарында чыккан. Вирус 50 дөн ашуун мамлекетке тараган. Акыркы расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын өзүндө вирустан 3 миңге жакын  адам каза болуп, 80 миңден ашуун адам ооруга чалдыккан.

“Кытайда өлүмгө тушуктурган коронавирус жаныбарлардан жукту деген кабар карандай калп. Бул эпидемия Кытай бийлиги тарабынан ойлонулуп табылган”-деп Кытай аскердик чалгындоосунун жогорку даражадагы офицери  independent.co.uk агенттигине билдирген.

Анын айтымында, вирусту чыгаруунун негизги максаты-Гонконгдогу ызы-чууну токтотуу болгон. Бирок, вирус ушунчалык таасир берерин билишкен эмес. Ал эми, вирустун күчтүүлүгүн билген АКШ бийлиги аны сатып алууну көздөгөн. Бирок ага Кытай бийлиги макул болгон эмес. АКШ Кытай чалгынчысына көп суммадагы акча сунуштап, ал макул болгон. Болжошкон жерге барганда, чалгынчыны таппай калышкан. Чалгынчы жаныбарлар сатуучу базарга жакын жерден вирусту сындырып алган. Ошондон улам, вирус тарап, жаныбарлардан чыкты деген маалымат жарыяланган.

Белгилей кетсек, Кытай мамлекети бул вирус жарганат менен жыландардан жуккан деп билдирүү тараткан. Бирок, айрым эксперттер вирус Ухань шаарындагы эң чоң лабораториядан тарап кеткенин айтышкан.

Жакында эле Кытай бийлиги вируска каршы вакцина чыкканын жана ооруган адамдар четинен дарыланып, айыгып жатканын кабарлаган. Бирок, “Кытайда коронавирус менен ооруган адамдар басып баратып эле каза болуп жатышат”, “ооругандарды даарылабастан, өрттөшүүдө” деген расмий эмес маалыматтар жана видеоматериалдар тарап жатат.

Төмөнкү видеону көрүп, чын эле Кытай бийлиги вирус менен күрөшүүгө аракет кылып жатабы деген суроо туулат. Кадрларда көрүнүп тургандай ооруган адамдар дарылануудан баш тартып, карантинге алынгандар жеринен качып баратышат. Каршылык көрсөткөндөрдү күч менен алып кетишүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости