www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 11-августта Бишкек шаарында жүздөй троллейбустун 250дөн ашуун айдоочусу иш таштады. Алар маянаны көтөрүү талабын коюп жатышат.

Нааразы болгон айдоочуларга Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов жолукту. 

Анын айтымында, муниципалитет 1-сентябрдан тарта айдоочулардын айлыгын 40 миң сомдон бир аз гана жогору көтөрө алат.

"Азыр менин башымды кесип алсаңар дагы айлыгыңарды көтөрө албайм. Ачыгын эле айтып коёюн. 1-сентябрдан тарта айлыгыңарды 50 миңге чейин көтөрөбүз. Колуңарга 40-42 миң сом аласыңар. Эки айдан кийин дагы карап чыгабыз. 

2-3 ай чыдап, бизди түшүнүп коюңуздар", - дейт ал. 

Эске салсак, бүгүн Бишкектеги троллейбустун айдоочулары иш ташташкан. Алар айлыгын 60-70 миң сомго чейин көтөрүп берүүнү талап кылышкан. 

Буга чейин шаар башкармалыгы 20-августтан тарта коомдук-муниципалдык транспортто накталай акча кабыл алынбай турганын билдирген. Ага ылайык, жүргүнчүлөр жол кирени электрондук , "Тулпар”, Visa, “Элкарт” жана башка карталар, QR код же мобилдик тиркеме аркылуу гана төлөй алат.

Булак: NazarNews.kg 

 

 

Последние новости