www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия президентинин кеңешчиси Владимир Мединский украин тарап менен сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу RT агенттигине айтып берди.

Белгилей кетсек, сүйлөшүүлөр 29-мартта, Стамбулда өттү. Орусиялык делегацияны мурдагыдай эле Мединский жетектеп барды. Буга чейин ал Москва Киев менен мунасага келүү үчүн кадам жасай турганын айткан.

«Биринчи кадам Киев менен Чернигов шаарларында акырындык менен аскердик деэскалациялоого тийиштүү. Бул атышууну токтотуу эмес, бул жаңжалды деэскалациялоо боюнча жок дегенде ушул эки багытта аракет кылуу. Экинчи кадам даярдалган келишимди тышкы иштер министрлери менен макулдашуу учурунда жогорку деңгээлде жолугушуу өткөрүүгө байланыштуу» , — деди Мединский.

Орусиялык делегациянын жетекчиси келишимди даярдоо үчүн өтө көп жолду басып өтүү керектигин белгиледи. Орусия Украинанын сунуштарын жазуу түрүндө алды, жакында ага жообун берет.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости