www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-апрелге караган түнү жарыялаган видео кайрылуусунда Мариупол шаары орус күчтөрүнө дагы деле каршылык көрсөтүп жатканын айтты.
Ал орус тарап Украинанын чыгышында жана түштүгүндөгү аракеттерин жеңиш катары көрсөтүүгө аракет кылып, аймакка жаңы күчтөрдү тартып келгенин, керек болсо оккупацияланган аймактын калкын аскерге чакырууга аракет кылып жатканын, бирок андан майнап чыкпай турганын айтты.
«Бул кадамдардын бирөө да биздин мамлекетке каршы согушта Орусияга жардам бербейт. Алар качып кутула алгыс жагдайды же баскынчылар биздин аймактан чыгып кете турган күндү гана бир аз кечеңдетип жатат. Өзгөчө Мариуполдо. Шаар оккупанттар эмне деп айтпасын, Орусияга каршылык көрсөтүүнү улантууда» , - деди Зеленский.ө
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg