www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украин президенти Владимир Зеленский Орусия өлкө чыгышында жаңы чабуулга даярданып жатканын, бул операция жакын арада башталышы мүмкүндүгүн эскертти. Зеленский бул тууралуу видео кайрылуусунда айтты.

«Алар Донбассты жок кылып, талкалоону көздөшүүдө. Кезинде бул өндүрүш аймагынын атагын чыгарган бардык нерсени жок кылгысы келишет. Орусиялык аскерлер Мариуполду талкалагандай эле, Донецк жана Луганск облустарындагы башка шаар-кыштактарды жер менен жексен кылууну көздөйт» , - деди Зеленский.

Ал украин тарап коргонуу үчүн колдон келгендин бардыгын жасап жатканын белгилеп, Украинага курал-жарак жана жардам керек экенин дагы бир жолу кайталады.

Орусиянын күчтөрү марттын аягы жана апрель айынын башы менен Украинанын түндүк аймактарынан чыгып кеткен. Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары да Орусия Украинанын чыгышында ири чабуулдарга даярданып жатканын эскертип жатышат.

Британиянын Коргоо министрлиги Украинанын түштүк-чыгышындагы Мариупол үчүн кармаш орусиялык күчтөрдүн башка аймактардагы опеацияларын жайлатып койгонун 18-апрелде билдирди. Орусиянын армиясы Украинада аскердик инфраструктурага гана сокку урганын билдирип, жайкын тургундарга ок атканын моюнуна албай келет.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости