www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек жана Кыргызстандын епискобу Владыка Савватий vb.kg сайтынын журналисттерине интервью берди. Ан ал Кыргызстан Асман империясынын, түрк жана орус дүйнөсүнүн ортосунда жаткан асмандагы, керемет кооз тоолордун өлкөсү катары өзүнүн өзгөчө мейкиндик ролун түшүнүшү керек деп билдирди.
«Кыргызстандын өзгөчө орду бар, мен Кыргызстанга бир ай мурун келип, бул жакка дайындалгам, ошондон бери Кыргызстандын ордун, ролун талдап, ой жүгүртүп отуруп, асмандагы, ажайып кооз тоолор өлкөсү цивилизациялардын жүрөгүнүн так борборунда жайгашкан жана анын өзгөчө ролу бар экенине ынандым.
Тянь-Шань бул чыгыштан – Асман империясы, батыштан – түрк, түндүктөн – орус дүйнөсү курчап турган асман тоолору! Кыргызстан цивилизациялардын өз ара аракеттешүүсүнүн аянтчасына айланууга татыктуу жана ойлоно турган нерсе бар. Кыргызстанда Жеңиш чокусу бар жана бул биз биримдикте Жеңишке кантип жеткенибиздин мисалы. Бирок, бири-бирибизди түшүнүш үчүн бизге согуш гана керекпи? Биз экономикада, маданиятта, үй-бүлөлүк салттарды, руханиятты чыңдоодо бириге алабыз.
Жакында болуп өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Чолпон-Атадагы саммитинде бир кездеги Жибек Жолундагыдай материалдык жана руханий баалуулуктарды алмашууга чакырганы бекеринен эмес. Ал эми Кыргызстан, мен көрүп тургандай, элдердин экономикалык жана руханий жактан баюусунун көпүрөсү боло алат жана болууга тийиш», - деп өз көз карашы менен бөлүштү Владика Савватий.
Булак: vb.kg