www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
19-июнда Өзбекстандын бир катар аймактарында катуу чаңдуу бороон болду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо аба ырайынан улам көчөлөрдө тыгындар пайда болгонун Kun.uz кабарлайт.
Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, чаңдуу бороон Бухара, Навои, Самарканд, Жизах облустарында жана Ташкентте болгон.
Бир катар аймактарда катуу шамал жана чаңдуу бороондун кесепетинен 40 миңден ашуун үй жарыксыз калды. Тактап айтканда, Навои шаарында 23560, Жиззакта 12250, Самаркандда 9000, Бухара облусунда 6000 абонент электр жарыгысыз калган.
Жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чаңдуу бороон Өзбекстан жана коңшу мамлекеттер үчүн кадыресе көрүнүш экенин белгиледи.
Өткөн жуманын аягында Узгидромет чукул билдирүү таратып, Өзбекстанда 45 градус ысыктан кийин күн күркүрөп, катуу нөшөр жаай турганын, шамалдын күчөшү болжолдонуп жатканын билдирген.
Булак: NazarNews.kg