www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-октябрда саат 04.55те (Москва убактысы боюнча 2.55те) Сырдарыя облусунун Малик айылындагы аскердик кампада жарылуу болгонун Өзбекстан Республикасынын Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда кампадагы абал туруктуу, бардыгы өчүрүлгөн. Өзгөчө кырдаалдын чоо-жайы кийинчерээк жарыяланат, деп айтылат маалыматта.

Район өлкөнүн борбордук бөлүгүндө жайгашып, Казакстан жана Тажикстан менен чектешет.

Өзбекстан Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жардыруудан 16 адам жабыркап, алардын төртөө ооруканага жаткырылган. "Жабырлануучулардын арасында оор жаракат алгандар жана оор абалда жаткан бейтаптар жок", — деп айтылат маалыматта.

Бул окуя боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости