www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нью-Йорк шаарында Бириккен улуттар уюмунун 74-башкы ассамблеясы өтүп жатат. Дүйнөнүн булуң-бурчундагы лидерлер келип, олуттуу деп эсептеген маселелерин көтөрүүдө.

Кызыгы, Украина президенти Владимир Зеленский дагы ассамблеянын жүрүшүндө сөз сүйлөдү. Кайсыл тилде дебейсизби? Таптаза украин тилинде сөз сүйлөдү! Мунун эмне таң кала турган жайы бар десеңер, БУУнун расмий 6 тили гана бар. Лидерлер ошол тилде сөз сүйлөп, доклад жасашы керек. Ал англис, араб, испан, кытай, орус жана француз тилдери. Андан сырткары немец тилин документтерди жүгүртүүдү колдонууга болот. Бирок, Зеленский кулчулук мүнөзүн жонунан сыйрып, украин тилинде эле сүйлөөнү туура көргөн. Ал үчүн анын көйнөгүн эч ким чечип деле калган жок.

Анан бул жерде кыргыз парламентинин спикери Нур-Султанда эмнеге кыргыз тилинде эмес орус тилинде доклад кылды? – деген сөздү айрымдар көтөрө албай чычалап жатышат. Жооп жөпжөнөкөй, биздин спикер кул мүнөз. Ошол үчүн орус тилинде сүйлөп келди. Ал эми окуу же сүйлөө деңгээли башка кеп.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости