www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус армиясы Донбасска чабуулун баштады. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги видео кайрылуусунда билдирди.

"Биз украиналык эч нерседен баш тартпайбыз жана бизге башка бирөөнүкү дагы кереги жок. Мен биздин бардык баатыр шаарларыбыз Донбасс, Мариуполдогу аскерлерге, ошондой эле Харьков облусундагы шаарларга ыраазымын", - деди Зеленский.

Мурдараак Орусиянын Украинанын чыгышындагы чабуулу тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы Алексей Данилов орус армиясы православдардын Пасха диний майрамына чейин Донецк жана Луганск облустарын толугу менен басып алууну пландап жатканын айткан. Быйыл Пасха 24-апрелде өтөт.

Өз кезегинде Украина президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак "согуштун экинчи этабы башталды" деп билдирди.

Жергиликтүү тургундар менен журналисттер Донбасстагы фронттун бүтүндөй линиясындагы салгылашуулар, Харьков менен Николаевдин аткылоосу тууралуу азыртан эле айтып жатышат.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификация" жасап жана Донбасстагы "жай жашоочулардын канына забын болгондорду" аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости