www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Жалал-Абад облусунун бир катар айыл аймактарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 9-августта саат 20:30–21:00 чамасында Өрүктү айыл өкмөтүндө кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Өрүктү-Сай айылында сел жүрүп, сел суулары 4 турак үйдүн мал сарайларына кирген, 1 турак үйдүн короосундагы бассейнге кум-шагыл жана жер төлөсүнө суу толгон. Ала-Бука – Өрүктү-Сай унаа жолун жууп, каттамга тоскоолдук жаралган. Учурда жол каттамы ачык.

Жерине Ала-Бука райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ жана жарандык коргонуу кызматы тартылып, тактоо иштери уланууда. Кырдаалга жараша бүгүн да айыл аймак жана ЖТИ тарабынан техникалар тартылат.

Бегилей кетсек 9-август күнү жааган жаандын кесепетинен Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунун бир катар айыл аймактарында сел жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости